Энергетика министрлиги 22-июлда билдирүү таратып, күн салкындаганы 21-июлда электр энергиясын суткалык керектөө кескин төмөндөп, болгону 48,4 млн кВт/саатты түзгөнүн билдирди.“22-июлга карата Кыргызстандын энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок. Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери улантылууда. [...] Энергетиктер керектөөчүлөрдү,...