Ленин районунун ички иштер башкармалыгы 1981-жылы төрөлгөн Аида Асанбековна Базаркулованы издеп жатат. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 15-июлда анын эжеси Аиданын жоголушу боюнча жардам сурап кайрылган.
Анын айтымында, 8-июнда саат 10:00 чамасында Аида Кудайберген көчөсүндөгү батиринен чыгып, ошол убакыттан бери үйүнө кайтып келген эмес.