Экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков Wildberries-Russ компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Александр Воробьев менен жолугушту. Жолугушуу Россиядагы компаниянын складдарында болгон акыркы өрттөргө байланыштуу өткөрүлдү.

Wildberries-Russ өкүлдөрү келтирилген зыяндын өлчөмү, ошондой эле складдардын жабыркашы жана ал жерде болгон товарларды инвентаризациялоо боюнча маалыматтарды бөлүшүштү.