Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку деңгээлдеги Ассамблеясынын жол кыймылынын коопсуздугуна арналган экинчи көп тараптуу панелинин (Multi-stakeholder Panel 2) тең төрагасы жана модератору болуп дайындалды. Бул иш-чара өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен өткөрүлдү.
Министр транспорт жана логистика министри Мароккодон Абдессамад Кайю менен биргеликте «Улуттук жана коомдук туруктуу финансирлөө жана потенциалды күчөтүү боюнча көз караш» темасында панелдик талкуу өткөрдү. Талкуу учурунда туруктуу финансирлөө, ведомстволор аралык кызматташтык жана жолдордогу коопсуздук боюнча улуттук демилгаларды өнүктүрүү маселелери каралды.

Жыйынды ачып жатып, Осмонов жол кыймылынын коопсуздугу мамлекеттик приоритеттүү милдеттердин бири болушу керектигине көңүл бурду. Ал жол коопсуздугу маселелерин мамлекеттик бюджеттик пландоонун, транспорттук инфраструктуранын, саламаттык сактоонун жана мамлекеттик саясаттын башка негизги аспекттеринин процесстерине интеграциялоонун зарылдыгын баса белгиледи.