
















Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев «Нуркожо-Ата» жана «Адилет» микрорайондорунун тургундары менен жолугушуу өткөрүп, инфраструктураны жакшыртуу маселелерин талкуулады жана маанилүү багыттар боюнча тапшырмаларды берди. Бул иш-чарага жергиликтүү тургундар катышып, жол тармактарын кеңейтүү, коомдук транспорттун сапатын жогорулатуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана жер амнистиясы алкагында коргоо зонасындагы 300дөн ашык жер тилкелерин легалдаштыруу маселелерин көтөрүштү.
Мындан тышкары, тургундар селезащитная дамбаны ашар ыкмасы менен курууну сунушташты. Талкуулоолордун жыйынтыгында мэр дамба долбоорун карап чыгуу жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди талдоо үчүн комиссия түзүүнү тапшырды.