Росавиация Москва аэропортторунун аймагында жарандык учактар үчүн уруксат берилген эң жогорку учуу бийиктигин 8550 метрден 4900 метрге чейин төмөндөттү. Ошондой эле транзиттик учууларга тыюу салынды. Бул тууралуу "Коммерсант" Аэронавигациялык маалымат борборуна таянып жазды.Чектөөлөр Москва түйүндүк диспетчердик районуна киргизилди. Бул аймакка Шереметьево, Внуково жана Домодедово аэропорттору кирет. "Коммерсанттын" булактарынын маалыматына ылайык, бул чаралар Коргоо...