Бишкекте аймактардан келген 60ка чукул айдоочу "Ынтымак" паркынын аймагына чогулуп, бийликтен оң рулду таксилерге да лицензия берүүнү өтүнүштү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери болсо, 1-июлдан тарта рейд өткөрүп, бир шаардан экинчи шаарга оң рулду такси менен жүргүнчү же жүк ташыган унаа ээлерине айып пул салышууда.