"Украинадагы согушка кыргыз жарандарын жалдаган" деген шек менен Бишкекте кармалган орусиялык Z-блогер Виктор Васильев Кыргызстандан чыгарылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм каналында жазды.Блогер тактагандай, Кыргызстандын укук коргоо органдары ага чыгып кетүүгө 10 күнчө убакыт берген, ал чек арадан өзү чыгып кеткен. Кыргыз бийликтери ага өлкөгө 10 жылга кирүүгө тыюу салган.Виктор Васильев өзү иштеткен каналдарда жана баракчаларда, анын ичинде Фейсбуктагы “Салам Кыргызстан”...