


Кыргызстанда Тайланддан каннабис тобундагы наркотиктерди эл аралык почта жөнөтүүлөрү аркылуу жеткирүү каналын түзгөн кылмыштуу топ ачылды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Наркотиктерге каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери «Түндүк» темир жол бажы кызматкерлери менен биргеликте оперативдик иш-чараларды өткөрүшүп, натыйжада кылмыштуу тармактын ишин токтотууга жетишишти.