Иссык-Куль облусунда, Каджи-Сай айылында эс алуучулар булуттуу суунун тез арада көлгө агып жатканын видеого тарткан. Бул көрүнүш Тон районундагы күчтүү жамгырлардын натыйжасында пайда болуп, селдик агымдын пайда болушуна себеп болду.
Кыргызстандын ТЖМинин маалыматына ылайык, жамгырлардын натыйжасында, саат 13:30 чамасында, селдик суулар Балыкчы — Боконбаево — Каракол унаа жолунун 104-келометриндеги курулуп жаткан көпүрөнүн жанындагы убактылуу айланма көпүрөнү зыянга учураткан.