Ак-Суу айылында жашаган аял өз үйүндөгү суу менен камсыздоо маселесин бөлүштү. Аялдын айтымында, мындай кырдаал жыл сайын жайкы мезгилде, ысык күндөрдө крандан суу чыкпай калганда байкалат.

Ал суу сапатына нааразычылык билдирип, бийликке риторикалык суроолорду узатты: "Силер ошондой сууну ичер белеңер? Анда балаңызды жуудурсаңыздар?" Жашоочунун айтымында, түзүлгөн кырдаал тамак даярдоо, кир жуу жана жуунуу үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Мындан тышкары, ал өткөн жылы скважинаны оңдоого жана сууну тазалоого каражат бөлүнгөнүн, ошондой эле башка булактан суу камсыздоо убада кылынганын маалымдады. Бирок, жүргүзүлгөн иштерге карабастан, кырдаал өзгөргөн жок, жашоочулар жайкы мезгилде суу жетишсиздигин сезип келишти.