Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Орусиядагы Wildberries компаниясынын кампаларындагы өрттө кыргыз ишкерлери тарткан зыяндын көлөмүн тактоо жумуштарын баштады. Бул тууралуу аталган министрлик 22-июлда кабарлады.Маалыматта айтылгандай, 21-июлда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту.Жолугушууда 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы Wildberries...