Франция парламенти 15 жашка чейинки балдар үчүн социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды, деп билдирет France24. Ошентип, Франция Европалык Союзда мындай чектөөлөрдү киргизген биринчи өлкө болду.

Мыйзам 21-июлда парламенттин эки палатасы — Сенат жана Улуттук Жыйын тарабынан бекитилди. Эми аны бул демилгени колдогон президент Эммануэль Макрон кол коюшу керек, ошондой эле Конституциялык кеңештин макулдугун алууга тийиш.