Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Нуркожо-Ата" жана "Адилет" жашоо массивинин тургундары менен жолугуп, алардын аймагындагы актуалдуу маселелерди талкуулады. Жолугушууда тургундар жолдорду кеңейтүү, коомдук транспорттун сапатын жогорулатуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана жер амнистиясы алкагында коргоо зонасындагы 300дөн ашык жер участогун легалдаштыруу маселелерин көтөрүштү.
Ошондой эле, мурун дзюдо секциясынын машыгуулары өткөн имараттын маселеси талкууланды. Мэр спорт залын мектепте убактылуу өткөрүүнү жана жаңы физкультура-сауыктыруучу комплекстин долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Секцияда "Нуркожо-Ата", "Адилет", "Келечек", "Ак-Жар", "Калыс-Ордо", "Тендик", "Ак-Бата", "Дордой" жана "Ак-Тилек" сыяктуу жашоо массивдеринен келген балдар машыгышат.