Д. Омурзаков атындагы стадион жаңыланды. Спортчулар үчүн качан ачылат?
Д. Омурзаков атындагы стадиондун реконструкциясы аяктады, бирок объект азырынча машыгуулар үчүн жабык. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясы билдирди.

Эл аралык "Спартак" деп аталган стадионду толук реконструкциялоо иштери эки жыл мурун башталган.