Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу материалдардын запастары 2–3 жумага жетиштүү деңгээлден 1,5 айга чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Премьер-министрдин биринчи орун басары Данияр Амангельдиев билдирди. Ал өкмөт алдында күйүүчү майдын резервин минимум 2,5 айга түзүү милдети турганын белгиледи.

Амангельдиев дүйнөлүк мунай продуктулары рыногундагы кыйын кырдаалга, Россияда кайра иштетүү көлөмүнүн төмөндөшүнө жана Россия тараптан экспортко убактылуу чектөөлөрдүн киргизилишине көңүл бурду. Бул чаралар Россиянын ички рыногунун муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн зарыл, деп билдирет Кабминдин басма сөз кызматы.