
17-июнда пациент Панфилов көчөсүндөгү Городдук эндокринология диспансерине кийинки инсулин дозасын алуу үчүн барган. Бирок, анын айтымында, ага дарынын жетишсиздиги тууралуу билдиришип, болгону бир дозаны беришкен, бул анын болжол менен эки-үч жумага жетет. Альтернативалык вариант катары ага керектүү инсулинди өз алдынча сатып алууну сунушташкан.