
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Медер Абакиров 22-июлда Кыргызстандагы Казакстандын жаңы элчиси Абылкаир Скаков менен жолугуп, ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.
Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын негизги аспекттерин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык багыттарды талкуулашты. Мурда жетишилген жогорку деңгээлдеги келишимдердин аткарылышынын маанисине өзгөчө көңүл бурулду.
Медер Абакиров Абылкаир Скаковду жаңы дайындалышы менен куттуктап, мамлекеттик жооптуу миссиянын алкагында өз милдеттерин ийгиликтүү аткарышына үмүт артарын билдирди.