Кыргызстандагы күйүүчү майдын тартыштыгы жана баанын өсүшү, жаңы жеткирүү багыттары, инвестициялык саясат, чет элдик инвесторлорго шарт түзүү жана жерди ижарага берүү, Кытай темасы жана коомдогу талкуулар. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ушул жана башка коомчулук кызыккан суроолорго жооп берип, "Азаттыкка" эксклюзивдүү маек курду.