Орусиянын Мамлекеттик думасы өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктардын укуктарын чектеген мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.Документке ылайык, Орусиядан чыгып кеткен жана кылмыш иши боюнча жаза аткаруудан же айрым административдик иштер боюнча жоопкерчиликтен качып жүргөн деп эсептелген жарандарга карата бир катар чектөөлөр киргизилет. Аларга чет өлкөлүк паспорт алуу, Орусиянын жарандыгынан чыгуу боюнча арыз берүү, Мамлекеттик кызматтар порталын пайдаланууга, Орусиядагы...