«Тунгуч» театрында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен уюштурулду.
Пресс-кызматтын маалыматына ылайык, 181 көп балалуу эне сыйлыкка ээ болду: алардын 92си «Баатыр эне» орденине, 89у «Эне даңкы» медалына татыктуу болушту.






Бул салтанаттуу иш-чара, балдарды тарбиялоого жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого өз өмүрүн арнаган аялдарга таануу жана урмат көрсөтүүнүн белгиси болду.
Иш-чаранын соңунда концерттик программа өттү.