Кыргызстандык чек арачы дрондор боюнча виртуалдык жарышта дүйнөлүк рекорд орнотту


Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскери Темирлан Ибраимов виртуалдык Hannover трассасын 31 секундда учуп өтүп, дүйнөдө биринчи орунду ээлеп, өзүнүн мыкты натыйжасын көрсөттү. Бул жетишкендик кыргыз чек арачыларынын даярдыгынын жана чеберчилигинин жогорку деңгээлин баса белгилейт.