Кыргызстандын мамлекеттик авто мектептеринде тездетилген окуу программасынын биринчи бүтүрүүчүлөрү үчүн квалификациялык экзамендерди тапшыруу башталды. Бул жаңылык жарандарга стандарттык он айлык окуудан айырмаланып, төрт айдын ичинде курс өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мамлекеттик транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулар курамы боюнча борбордон билдиришкендей, теориялык бөлүмдү курсанттар онлайн форматта окушат, ал эми практикалык машыгуулар жүзмө-жүз өткөрүлөт. Ички экзамендерди ийгиликтүү тапшырган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик квалификациялык экзамендерге киришүүгө укуктуу.