Министрлик курулушу административдик-турмуш корпусун жана 224 орундуу жатакананы текшерди, алар алтын кенинин Джеруй кен комплексинин вахталык шаарчасынын алкагында курулууда.
Мониторингдин негизги максаты курулуш, архитектура жана шаар куруу тармагындагы мыйзамдардын сакталуусун, ошондой эле техникалык регламенттерди жана стандарттарды баалоо болду. Ошондой эле аткарылган иштердин жалпы сапаты текшерилди.