Тайланддан Кыргызстанга дайыма почта аркылуу наркотиктер жиберилип турган. Эки адам кармалды
Кыргызстанда Тайланддан почта аркылуу каннабис тобундагы наркотиктерди жеткирүү менен алектенген кылмыштуу топ ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин Наркотиктерге каршы күрөшүү кызматы "Түндүк" темир жол бажысы менен кызматташып, Бишкектеги почта бөлүмдөрүндө 1980-жылы туулган Т. Б. О. жана 1989-жылы туулган Ч. Н. аттуу эки эркек адамды кармашты. Алар эл аралык почта жүктөрүн наркотиктер менен алуу боюнча шектелүүдө.