Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте наркотиктерди, анын ичинде каннабисти Кыргызстанга жеткирүүнү уюштурган кылмыштуу уюмдун ишин ийгиликтүү токтотушту. Наркотиктер Таиландан эл аралык почта жүктөрү аркылуу келип жаткан.
10-июлда өткөрүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Бишкектеги почта бөлүмдөрүнүн биринде Т.Б.О. жана Ч.Н. аттуу жарандар жүктөрүн алып жаткан учурда кармалды.