Нарын шаарында магнитудасы үч баллдык жер титирөө катталды. Маалымат Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту тарабынан берилди.
Жер титирөөлөр кечээки күнү 20:53тө болду. Эпицентр Кыргызстандын аймагында: Оттук айылынан 7 чакырым түндүк тарапта, Джергетал айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышта жана Нарындан 35 чакырым түндүк-батышта, ошондой эле Боконбаево айылынан 110 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.