Ош шаарында августтун аягына чейин жаңы суу алуу курулушун аяктоо пландалууда

Ош шаарында Ак-Буура дарыясында жаңы суу алуу курулушунун биринчи кезегин 31-августка чейин аяктоо пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Азиаттык өнүктүрүү банкынын гранттары менен каржыланган долбоор шаардагы суу камсыздоо системасын модернизациялоого багытталган. Ош шаарынын вице-мэри Эрнис Толтоев курулуштун жүрүшүн текшерди жана учурдагы абалы менен таанышты.

Бул долбоордун алкагында жаңы башкы суу алуу курулушу жана жалпы узундугу 4,8 чакырымдык эки магистралдык суу түтүктөрү курулууда, алар объектти Толойкон айылына туташтырат. Мэриянын маалыматына ылайык, биринчи түтүктө негизги курулуш иштеринин аякташы августтун аягына чейин болушу керек.