Нарын районунда магнитудасы 3 балл болгон жер титирөө болду, деп билдирет Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту. Жер алдындагы титирөөлөр кечээ 20:53тө катталган.

Жер титирөөнүн эпицентри Кыргызстандын аймагында жайгашкан: Оттук айылынан 7 чакырым түндүк тарапта, Джергетал айылынан 15 чакырым түндүк-чыгыш тарапта, Нарын шаарынан 35 чакырым түндүк-батыш тарапта жана Боконбаево айылынан 110 чакырым түштүк-батыш тарапта.