Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-июлда АКШ президенти Дональд Трамптын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен сүйлөштү. Бул тууралуу америкалык Axios басылмасы өз булактарына таянып кабарлады. Сүйлөшүүлөр болгонун кийинчерээк Зеленский да ырастады. Анын айтымында, "дипломатияны күчөтүү, тынчтыкка жакындоону талкуулаган маанилүү сүйлөшүү" болду. Ал украин жана америкалык команда бири бири менен тыгыз байланышта экенин, талкууланып жаткан маселелердин үстүндө...