Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Мадина” базарынын соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугуп, алдыда күтүлүп жаткан объектти реконструкциялоо маселеси боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.Жолугушууга Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев, Свердлов районунун прокурору, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, Архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жана...