АКШнын Куралдуу күчтөрү Иранга каршы чабуулдарын улантып келатканына 22-июлда 11 күн болду. Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) Х социалдык тармагындагы маалыматына караганда, шаршембиге караган түнкү соккулар 1 саат 15 мүнөт уланды.Бутага Ирандын аскердик операциялык борборлору, деңиз күчтөрү, авиациялык кампалары, учкучсуз учуучу аппараттарды сактоочу жайлары жана аскердик логистикалык инфраструктурасы алынганы кабарланды. "Максат — Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн...