Акыркы айларда аскер комиссариаттары аскердик каттоого байланышкан маалыматтарды тактоо үчүн орусиялыктарга чакыруу каттарын жигердүү жибере башташты. Мындай чакыруу каттарын эркектер гана эмес, көбүнчө медициналык билими бар аялдар да алып жатышат. Чакырууну алгандардын көбү бул кагаздарды көрмөксөнгө салууда. Би-Би-Синин Орус кызматы эмне үчүн мындай чакыруу кагаздары жөнөтүлүп жатканы жана аларды этибарга албоо үчүн кандай жоопкерчилик каралганы тууралуу юристтер жана укук коргоочулар менен баарлашты.