Жайкы каникул маалында окуу жана иштөө үчүн Кыргызстандан Германияга барган 150дөй улан-кыз убада кылган жумушка киргизилбей жатканына жана жатаканасынан чыгарылганы турганын айтып чыкты. Студенттердин кайрылуусун коомдук ишмер жана блогер Медиса Жокиева социалдык тармактардагы баракчасына жарыялады.Жокиеванын айтымында, кыз-жигиттер Германияга Кыргызстандагы Samara Academy уюму аркылуу, ар бири 50 миң сомдон төлөп барышкан. Аталган өлкөгө барышкан соң компаниянын ал жактагы өнөктөштөрү...