АКШда Николас Мадуро боюнча сот 2027-жылдын 1-июнунда башталат

Иллюстративдик сүрөт
Нью-Йорктун Түштүк округунун федералдык соту Венесуэланын мурдагы президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флореске каршы наркосоодасы боюнча соттук териштирүүнүн башталыш датасын 2027-жылдын 1-июнуна белгиледи. Бул тууралуу Reuters жана CNN агенттиктери маалымдашты.

Айыптоо тарап, ошондой эле Мадуро жана Флорестин адвокаттары сунушталган мөөнөттү колдошуп, анын реалистик экенин белгилешти. Жубайлардын адвокаты Барри Поллак, бул графикке шектенбестигин айтып, өз кардарларынын камакка алынгандыгынын мыйзамдуулугун оспордоого ниеттенерин, мамлекет башчыларына коргоо сунуштаган укуктук иммунитетке шилтеме жасап билдирди.