Бишкекте экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери курулуш компанияларында иштеген чет элдик жарандар үчүн алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү. Иш-чаралар укук бузууларды алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Түшүндүрүү иштери Кытай жарандарын эмгектенген 12 курулуш фирмасын камтыды. Жолугушуулар учурунда милиция кызматкерлери чет элдиктерге Кыргызстандын мыйзамдарынын коомдук тартипти сактоо жана миграциялык нормаларга байланыштуу талаптары тууралуу маалымат беришти.