Кыргызгидромет бүгүнкү күндүн аба ырайынын жыйынтыгын сунуштады. Синоптиктердин маалыматына ылайык, өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө жамгыр жана грозалар күтүлүүдө.
Жамгырларга карабастан, көпчүлүк аймактарда ыңгайлуу температура сакталат. Ар кандай облустарда абанын температурасы төмөнкүдөй болот:

  • Чүй облусу: +27…+32 °C

  • Талас облусу: +25…+30 °C

  • Ысык-Көл облусу: +23…+28 °C

  • Нарын облусу: +21…+26 °C

  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары: +29…+34 °C



Бишкекте да жамгыр күтүлүүдө. Күндуз борбордогу температура +29…+31 °C чейин жогорулайт.