
Нарын облусунда 22-июлда саат 20:48де жер титирөө болду, бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет. Эпицентрде дүмпүүнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча 3 баллга жакын болду.
Сейсмикалык активдүүлүктүн очогу Оттук айылынан 7 км түндүк, Джергетал айылынан 15 км түндүк-чыгыш, Нарын шаарынан 35 км түндүк-батыш жана Боконбаево айылынан 110 км түштүк-батышта жайгашкан.
Региондогу калктуу пункттарда жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү төмөнкүдөй болду: Оттук айылында 3 балл, Джергетал айылында 2 балл катталды.