22-июль 2026-жылы Чолпон-Ата жана Бостери айылында Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан уюштурулган рейд өттү. Иш-чаранын негизги максаты атмосфералык абаны коргоо боюнча талаптарды сактоо болду.
Рейд учурунда 14 теплоход текшерилди, экологиялык нормаларга жана зыяндуу заттардын атмосферага чыгарылышын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бөлүндү.