Таласта «Баластан» балдар борбору курулат Төзүмдүк күнү




Таласта «Баластан» балдар өнүктүрүү жана көңүл ачуу борборунун курулушунун 70%ы аяктады. Бул маалыматты Кыргызстандын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Курулуш иштеринин графиги боюнча жүрүп жатат, борбордун ачылышы өлкөнүн көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына туш келет. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаровдун катышуусу пландалууда. Облус өкүлү Эрмат Жумаев бул долбоордун ишке ашырылышы Таластын жана региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү кадам болоорун белгиледи.

«Долбоор облустун экономикалык өсүшүнө жаңы түрткү берет. Борбордо 500гө жакын жумушчу орун түзүлөт. Бул жерде соода жайлары, боулинг, кинотеатр, балдар үчүн зоналар, робототехника борбору, заманбап музей, фудкорт жана башка объекттер жайгашат. Жаңы комплекс үй-бүлөлүк эс алуу жана балдардын өнүгүшү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Долбоор президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылууда», — деп белгиледи ал.