Нарын шаарында жергиликтүү Эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгына катталган 200 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк наборлору берилди. Азык-түлүк жардамын «Катар» кайрымдуулук фонду көрсөткөн. Наборлорго ун, өсүмдүк майы жана башка керектүү азыктар кирген. Нарын шаарынын вице-мэри Эльмира Турганбаева мындай колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, фондго көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, кыйын кырдаалда калган үй-бүлөлөр үчүн кайрымдуулук демилгелеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.