"Бир дүйнө – Кыргызстан" укук коргоо уюму Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков соцтармактардын колдонуучуларына эскертүү берген постуна байланыштуу кайрылуу таратып, камтамачылыгын билдирди. Уюм анда жарыяланган тизмеде ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенин айыптады.Мекеме “жалган маалымат” таратуу үчүн эскертүү берүү сөз эркиндигине, пикир билдирүү эркиндигине, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине,...