Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Россия жана Казахстандагы азык-түлүк товарларынын бааларын талдады. Изилдөө нан, картошка, жашылчалар, жемиштер, эт, сүт жана кант сыяктуу негизги азык-түлүк категорияларын камтыды.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда бир нече товарлардын баасы өзгөргөн. Айрыкча, пияздын баасы 3,5%, сәбиздин 3,0%, жумуртканын 2,7% жана макарон азыктарынын 0,5%га жогорулаганы белгиленди. Ал эми биринчи сорттогу буудай унунун жана нан азыктарынын баасы 0,3% жана 0,1%га жогорулады. Ошол эле учурда, кой этине баанын 0,2%га төмөндөгөнү байкалууда.