Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-июлда Чолпон-Ата шаарында Беларуссиянын тышкы иштер министри Максим Рыженков менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык жана ар кандай тармактарда мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы мамилелерди чыңдоо үчүн зарыл болгон шарттардын бар экенин, анын ичинде саясий диалогдун жогорку деңгээлин, ишенимдүү укуктук негизди жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара даярдыкты белгиледи.