Бишкекте аялды жөө өткөөлдө унаа сүзүп кетүү окуясы болду. Алкогольдук мас абалда болгон айдоочу Жол кырсыгынын себепкери болуп калды, деп билдиришти Патрульдук милиция башкармалыгынан.

Окуя 21-июлда саат 23:20 чамасында Ахунбаев көчөсүндө орун алды. Toyota Windom унаасын айдаган айдоочу чыгышка карай баратканда, жөө өткөөлдөн өтүп бара жаткан 46 жаштагы аялды сүзүп кетти.