Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Германиядагы элчилик менен биргеликте Samara Academy уюму тарабынан уюштурулган программалар боюнча Федеративдик Германия Республикасына келген жарандарга байланыштуу кырдаалды иликтөөнү баштады.
ТИМ бул процесс консулдук-укуктук жардам көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталганын белгиледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстандан 150дөй студент Ferienjob жайкы жумуш программасына катышып, жумуш жана турак жай менен байланышкан кыйынчылыктар тууралуу билдиришкен.
Ал эми Samara Academy өкүлдөрү бул билдирүүлөрдү жарым-жартылай четке какты, студенттердин иштеп жатканын жана уюштуруу комитети программанын катышуучулары үчүн жаңы вакансияларды активдүү издеп жатканын такташты.
Тышкы саясат ведомствосунда бул маселе боюнча кийинки маалыматтар келип түшкөн сайын берилерин кошумчалашты.