Бишкекте жана Чүй облусунда жакынкы үч саатта, ошондой эле кечинде жамгыр жана шамалдын күчөшү күтүлүүдө. ӨКМ түштүк-батыштан соккон шамалдын 15-20 метр секундга чейин жетиши мүмкүн экендиги тууралуу эскертет.
Башкалаанын тургундарына жана конокторуна аба-ырайынын начарлашында этият болууга кеңеш берилет. Күчтүү шамал учурунда потенциалдуу коркунуч туудурушу мүмкүн болгон жарнама конструкцияларынын, дарактардын жана башка объектилердин жанында болуудан качуу керек.