Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын 21-топтомун макулдашты.Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 23-июлда билдирди.Анын айтымында, бул ирет дагы 32 орусиялык банк, криптовалюталык компаниялар, мунай сатуу менен алектенген платформалар чектөөлөргө илинет."Орусиянын согуш машинасы базардагы олку-солку абалдан пайда көрбөшү үчүн мунайдын баасына түзөтүү киргизүү чечимин бир жылга токтотуп жатабыз. Биз биринчи жолу Орусиянын...