Нарын шаарында «Ала-Тоо» стадионун реконструкциясы активдүү жүрүп жатат, ал 4,5 миң көрүүчүнү кабыл ала турган заманбап спорттук комплекс болуп калат. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Муниципалитет футбол талаасы эл аралык стандарттарга жооп берерин билдирип, бул спорттук иш-чараларды жогорку сапатта өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Проекттин алкагында жеңил атлеттер үчүн алты тилкелүү жүгүрүү жолунун курулушу, кечки убакта мелдештерди уюштуруу үчүн заманбап жарык берүүчү устундардын орнотулушу жана унаалар үчүн токтотуучу жайдын түзүлүшү да каралган.
Бул демилгени ишке ашыруу Нарындын спорттук инфраструктурасын кеңейтет жана спорт менен алектенүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, айрыкча жаштар арасында.
Учурда, курулуш иштеринен тышкары, чектеш аймакты көрктөндүрүү, зарыл инфраструктураны түзүү жана мыйзамсыз объектилерди бузуу иштери жүргүзүлүүдө.