24-июлда Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт. Бул иш-чара Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулуп, ШКУнун негизделгенине 25 жыл толуусуна арналган жана Кыргызстаннын бул уюмдагы төрагалыгынын алкагында өтүүчү борбордук окуялардын бири болуп саналат.
Жыйынына ШКУнун мүчө мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери жана анын туруктуу иштөөчү органдарынын өкүлдөрү катышат. Талкуу эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги маанилүү маселелерге, ШКУ алкагында көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалына жана өнүгүү перспективаларына арналат.